Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Ошто добуш сатып алуулар болуп жатканы айтылууда


Ош шаардык кеңешине шайлоодо 5314-шайлоо участкасында добуш сатып алуулар байкалганын "Азаттыкка" "Улуттар биримдиги" партиясынын байкоочусу Өмүрбек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, "Республика" партиясы тарабынан бир добуш үчүн 500 сомдон миң сомго чейин акча берилип, партиянын кишилери шайлоочуларды ташып келүү, кайталап добуш берүү сыяктуу мыйзам бузууларга барып жатканы байкалган. Бирок "Республика" партиясынын аталган добушканадагы өкүлдөрү мындай маалыматты четке кагып, анын негизсиз экенин аймактагы кабарчыбызга билдирди.

"Адилеттүү Кыргызстан" партиясынын №5313-добушканасында отурган байкоочусу Назым Бекиев болсо бул жерде студенттердин кайталап добуш берип жатканы байкалганын билдирди.

Шаардык шайлоо комиссиясынан болсо азырынча мындай мыйзам бузуулар тууралуу эч кандай арыз-даттануулар түшпөгөнүн, шайлоо тынч өтүп жатканын кабарлашты.(ErN/SM)

XS
SM
MD
LG