Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:41

Лейлек: шайлоочулардын 37 пайызы добуш берди


Баткендеги Лейлек районунда Бешкент жана Маргун айыл кеңештерине депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кочкорбай Саттаров саат 4кө чейин шайлоочулардын 37 пайызы добуш бергенин “Азаттыкка” билдирди.

Эки айылда 32 орун үчүн 88 талапкер ат салышууда. “Республика” партиясын 30, “Замандаштан” 19 талапкер, калгандары өзүн-өзү көрсөткөн. Жалпысынан 7 шайлоо участкасы ачылган.

Эки айылда 8325 шайлоочу бар. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Бешкентте 21, Маргунда 11 депутат шайланышы керек. (EBM)

XS
SM
MD
LG