Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Ошто добуш берүү аяктады


Ош шаардык кеңешине шайлоо кечки саат 7де аяктады. Ушул тапта бардык участкалык шайлоо комиссиялары добуштарды саноого киришкендигин аймактык шайлоо комиссиясынан "Азаттыкка" билдиришти.

Саат 18.30га карата шайлоочулардын 68,8 пайызы добуш берген. 123 миңден ашуун шайлоочунун 84 миң 735и саясий өнөктүккө катышканы кабарланууда. Акыркы маалыматтар кечки саат 8ден кийин билинет. Бүгүн Ошто 73 добушкана иштеди.

Шаардык кеңешке шайлоого 7 партия ат салышып, 45 орунга 600дөн ашуун талапкер катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG