Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:28

Орусиянын айрым чөлкөмдөрүндө добуштар саналып жатат


Владивостокто добуш берүү аяктаган кез.
Владивостокто добуш берүү аяктаган кез.
Добуш берүү Орусиянын Ыраакы Чыгышында, Забайкалье аймагында, Иркутск облусунда аяктады. Учурда добуштар саналып жаткан бул аймактарда добуш берүүгө тизмедеги шайлоочулардын 50 пайыздан ашууну катышкан.

Орусия БШКсынын маалыматы боюнча, Бишкек убактысы боюнча саат 17ге карата добуш берүүгө өлкө боюнча шайлоочулардын 47 пайыздан ашууну келген.

Көз карандысыз “Голос” уюмунун байкоочуларынын маалыматына караганда, азыркыга чейин добуш берүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар боюнча 3000дей факт катталды.

Оппозициянын таанымал активисти, блоггер Алексей Навальныйдын айтымында, адамдар бир шайлоо бекетинен экинчисине каттап добуш берген карусель ыкмасынын масштабы азыркы шайлоодо буга чейин “болуп көрбөгөндөй”.

Анткен менен Орусиянын бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын өкүлдөрү азыркы шайлоо ачык-айкындыгы жагынан башка мамлекеттерге үлгү боло аларын билдиришүүдө. Кремль көзөмөлдөгөн Коомдук палатанын мүчөсү Георгий Федоровдун айтымында, технологиялар жана процедуралар жагынан президенттик шайлоо декабрдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу жакшы уюштурулган. (UE)

XS
SM
MD
LG