Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

Ош: шайлоочулардын 75 пайыздан ашууну добуш берди


Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы
Саадат Маматалиева билдирди:

-Добуш берүүгө 92 миң 807 шайлоочу келди. Бул тизмедеги шайлоочулардын 75,2%. Учурда добуштар участкалык шайлоо комиссияларында саналып жатат. Бизге жыйынтык протоколдор келе элек. Арыз-даттануулар, анын ичинде көз карандысыз байкоочулардан да түштү. Аларды карайбыз.

Ошто тизмеге жалпысынан 123 миң 360 шайлоочу кирген.

Байкоочулардын “Таза шайлоо” ассоциациясынын билдиргенине караганда, Оштогу добуш берүү негизинен мыйзамга ылайык өттү Бирок 9 шайлоо бекетинде бюллетень таштоо, 10 шайлоо бекетинде карусель ыкмасы, 5 шайлоо бекетинде байкоочуларга кысым жасоо, 10 шайлоо бекетинде үгүт жүргүзүү, 7 шайлоо бекетинде кайталап добуш берүү фактылары катталган.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 орун үчүн 7 саясий партия ат салышты. Башкы атаандаштар: "Улуттар Биримдиги", Социал-демократиялык жана Республика партиялары. (UE)

XS
SM
MD
LG