Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Экзит полл: Путин 60 пайыздай добуш алат


Путин добуш берүүдө.
Путин добуш берүүдө.
Шайлоо бекеттериндеги сурамжылоолордун же экзит поллдордун жыйынтыгына караганда, Орусиянын мурдагы президенти, учурдагы премьер-министр Владимир Путин бүгүнкү президенттик шайлоону 60 пайыздай добуш менен жеңди. Орусиянын Коомдук пикир корунун болжолуна караганда, Путин 59,3% добуш алды.

Ал эми коомдук пикирди иликтөө боюнча Бүткүл Орусия борбору ага 58,3% добуш ыйгарууда.

Коомдук пикир корунун эсебине караганда, Коммунисттик партия лидери Геннадий Зюганов 18,2% менен экинчи, олигарх Михаил Прохоров 9,6% менен үчүнчү орунга, ЛДПРдин лидери Владимир Жириновски 7,4% менен төртүнчү, “Адилеттүү Орусия” партиясынын лидери Сергей Миронов 4,3% менен төртүнчү орунга чыгат.

Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы акыркы шайлоо бекеттери жабылышынын артынан жарыяланды.

Москва убактысы боюнча саат 21де шайлоо бекеттери Орусиянын Батышындагы Калининград облусунда жабылды. Орусияда Москва убактысы боюнча саат 18ге карата шайлоочулардын 58,3% добуш берген. (UE)

XS
SM
MD
LG