Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Ош: “Улуттар биримдиги” партиясы алдыда


Ош шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо добуштардын баары эсептелип бүттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган системасындагы маалыматка ылайык, “Улуттар биримдиги” партиясы 47,35 пайыз добуш алып алдыга чыкты.

Социал-демократтар 23,98, “Республика” 17,07, “Адилеттүү Кыргызстан” 5,05, ал эми “Ата-Мекен” 2,3 пайыз добуш алды. “Замандашка” 1,67, “Элдик демократиялык” партияга 0,98 пайыз добуш тийди. Баарына каршы 0, 70 пайыз шайлоочу болду.

“Улуттар биримдигинин” артында Ош шаарынын азыркы мэри Мелис Мырзакматов турат.
Добуш берүүгө 77,68 пайыз шайлоочу катышты. (EBM)

XS
SM
MD
LG