Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Токмок: “Республика” партиясы алдыга чыкты


Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган системасындагы маалымат боюнча, Токмок шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо добуштардын баары эсептелип бүттү. Анда 27,85 пайыз добуш менен “Республика” партиясы алдыда. Андан кийин “Биримдик” деп аталган шайлоочулар тобу 15, “Биздин шаар үчүн”, 12,07, Социал-демократтар 8,83, “Ак шумкар” 6,22 пайыз добуш алды. "Ар намыска" 3,66 пайыз шайлоочу добуш берди.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 61,50 пайызы катышты.

Токмокто добуш берүүгө жарамдуу 22 миңден ашуун адам жашайт. Шаардык кеңештеги 31 орун үчүн 796 адам ат салышты. Бул талапкерлерди алты партия жана 10 шайлоочулар тобу көрсөткөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG