Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:03

Ошто жергиликтүү байкоочулар шайлоо жыйынтыгын тааныды


“Таза шайлоо”, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы”, “Кылым шамы” уюмдары Ошто кечээ өткөн жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын тааныды. Байкоочулар бүгүн Оштогу маалымат жыйынында билдиришинче, добуш берүү учурунда бир катар добушканаларда мыйзам бузуулар катталып, айлампа ыкмасы колдонулган. Ошондой эле шайлоочулардын тизмеге кирбей калган учурлары болгон. Бирок байкоочулар бул кемчиликтер шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир бербейт деп билдирүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган системасындагы алдын ала маалыматка ылайык, “Улуттар биримдиги” партиясы 47,35 пайыз добуш алып алдыга чыкты. Социал-демократтар 23,98, “Республика” 17,07, “Адилеттүү Кыргызстан” 5,05, ал эми “Ата-Мекен” 2,3 пайыз добуш алды. “Замандашка” 1,67, “Элдик демократиялык” партияга 0,98 пайыз добуш тийди. (SE/KKs)

XS
SM
MD
LG