Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Ошто “Улуттар биримдиги” партиясы 21 орунга ээ болот


Жекшембидеги добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, Ош шаардык кеңешине кайсы партия канча мандатка ээ болоору аныкталды. Боршайкомдун Оштогу атайын өкүлү Расулбек Кадыровдун “Азаттыкка” кабарлашынча, Ош мэри Мелис Мырзакматовго таандык экени айтылып жүргөн “Улуттар биримдиги” партиясы 21, Кыргызстандын социал-демократтар партиясы 11, "Республика" 8, “Адилеттүү Кыргызстан” 2, “Ата Мекен” 1 орунга ээ болот:

“Азырынча ортодо эки мандат калыт жатат. Ал шайлоонун толук жыйынтыгы менен бөлүштүрүлөт”, -деди Кадыров.

Ош шаардык кеңеши 45 депутаттан турат. Кеңешке депутаттык орун шайлоодо “ооба” деп добуш бергендердин санын мандаттын санына бөлүү менен аныкталат. Бул жолу 2070 добуш бир орунга туура келүүдө. Ошто кечээки шайлоого 96 миңден ашык шайлоочу катышты. (KKs)

XS
SM
MD
LG