Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Караколдо шайлоонун жыйынтыгына нааразылар чогулууда


Караколдогу шаардык мэриянын алдына кечээки шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чогулууда. Алардын бири “Кыргызстан жаштар кеңеши” коомдук бирикмесинин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Максат Касеновдун “Азаттыкка” кабарлашынча, алар шайлоодо мыйзам бузуулар көп катталгандыктан анын жыйынтыгын мыйзамсыз деп таануу талабын коюп жатышат. Ошондой эле чогулгандар бул жолку шайлоодо караколдуктардын көбү тизмеге кирбей калганын айтышууда. Нааразылык акциясын бүгүн саат түшкү бирде башталат.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү нааразылык акциясына “Ата Мекен” партиясынын, “Алга, Каракол жаштары”, “Жаңы жүздөр” өңдүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү да катышканы жатынат. Бул уюмдар да шаардык кеңешке өз талапкерлерин көрсөтүшкөн.

Соңку жагдай боюнча Каракол шаардык аймактык комиссия менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов мэриянын алдында 50-60тай адам чогулганын тастыктап, абалды тартип коргоо кызматкерлери көзөмөлдөп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Кечээ түнкү саат ондордон кийин Каракол мэриясында шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптардын катышуусунда башаламандык чыккан. Жаштар уюмдары мэрияга кирүүгө аракет кылышкан. Натыйжада эки милиционер жаракат алып, жаштар уюмдарынын да бир канча өкүлү ооруканага жаткан. Бүгүн бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

БШКнын алдын ала маалыматтары боюнча, Караколдо 24 шайлоо бекетинин экөөсүнүн гана жыйынтыктары саналып бүттү. Ага ылайык “Союз” шайлоочулар тобу биринчи орунда, андан кийин КСДП, "Республика" партиялары келе жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG