Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Атамбаев Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Орусияда кечээ өткөн президенттик шайлоодо биринчи болгон Владимир Путинди куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Атамбаев өз куттуктоосунда "Орусия кыргыздар үчүн Путиндин элеси менен белгилүү экенин, ал кыйын кырдаалда Орусияны сактап калганын" белгилеген. Ошондой эле Атамбаев "орусиялыктардын жашоо шарты Путиндин салымы менен жакшырып, демократиялык аракеттер башталганын айткан жана кыргыз-орус алакасы бекемделерине ишенерин" билдирген.

Жекшембиде Орусияда өткөн президенттик шайлоодо Владимир Путин шайлоочулардын 65 пайызга жакын добушун алды. (KKs)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG