Калпак күнүнө карата Бишкектеги Тарых музейинин алдында майрамдык концерт өттү. Анын жүрүшүндө калпактын түрлөрү көргөзмөгө коюлду. Жаштар, эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги тарабынан уюштурулган бул майрамдык иш-чарага шаар тургундары, студенттер, мектеп окуучулары катышты. Калпак күнү Кыргызстанда ушуну менен экинчи жолу белгиленип жатат. (MiT/KKs)