Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

9-мартка чейин кар көчкү коркунучу сакталат


Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 9-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

Аба ырайы:

Эртең Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде гана кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз 2…7 градус жылуу;
Баткенде түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9 градус;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10 градус;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13 градус;
Тоолордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 градус суук, күндүз 5…7 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG