Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:37

Консулдардын иши боюнча ишеним телефону ачылды


Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү консулдук кызматтардын иши боюнча ишеним телефондору иштей баштады. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жарандар бул телефонго чалып, консулдук кызматтын сапаты боюнча сунуш-пикирлерин билдирсе болот:

Паспорт жана виза бөлүмү - (+996 312) 66-06-93,
Мекендештер жана мигранттар менен иштөө бөлүмү - (+996 312) 66-26-43, Консулдук жана укуктук бөлүм - (+996 312) 66-50-58, Консулдук саясат бөлүмү - (+996 312) 66-26-45

Мындан тышкары Бишкектеги тышкы иштер министрлигинин имаратына арыз-дооматтар үчүн атайын кутуча ачылды.

Кыргызстандын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн иши сынга алынып келет. Буга чейин Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер боюнча комитет элчиликтердин ишин териштирүү демилгесин көтөргөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG