Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Кремль Ходорковскийдин ишин кайра кароону буйруду


Президент Дмитрий Медведевдин буйругуна ылайык, Орусиянын Башкы прокуратурасы мурдагы мунай олигархы Михаил Ходорковскийдин айыптуу деп табылышынын мыйзамдуулугун 1-апрелге чейин кайра карап чыгышы керек. Бул тууралуу Кремль Владимир Путиндин президенттик шайлоодогу жеңишинин эртеси билдирип олтурат.

Жалпысынан Кремль 32 адамдын соттолушунун мыйзамдуулугун, анын ичинде Ходорковскийдин бизнес өнөктөшү Платон Лебедевдин да ишин кайра кароону буйруду.

Мурда ЮКОС мунай компаниясына башчылык кылган Михаил Ходорковский 2003-жылдан бери түрмөдө. Адам укугун коргоочу Эл аралык Мунапыс уюму аны "абийир туткуну" деп жарыялаган.

Ходорковскийдин адвокаттарынын бири Вадим Клюгванттын Рейтер агенттигине айтканына караганда, Медведевдин жарлыгынын нукуру маанисин иликтөөнүн жыйынтыгы билингенде гана баалоого болот. (UE)

XS
SM
MD
LG