Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Нарын районуна жаңы аким шайланды


Бүгүн Нарын райондук кеңеши шайлоо өткөрүп, анын жыйынтыгында “Республика” партиясынын өкүлү Түгөлбай Жанбоев райондун акими болуп шайланды. Акимдик орун үчүн жалпы үч талапкер ат салышып, 29 депутаттын 15и Жанбоевди колдоп добуш беришти. Нарын районунда акимди шайлоо алгач 4-февралда өткөн. Анда талапкерлердин эч кимиси жетиштүү добуш топтой албай калган. Эртең Нарын облусундагы Ат-Башы районунун акимин шайлоо болот. (TSh/KKs)

XS
SM
MD
LG