Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

АКШ жана Израиль лидерлери Ирандын өзөктүк программасын талкуулашат


Президент Барак Обама менен премьер-министр Биньямин Нетаньяху Ирандын өзөктүк программасына байланышкан тынчызданууларды талкуулоо үчүн бүгүн жолукканы жатат. Ак үйдөгү бүгүнкү сүйлөшүүлөр Израиль балким Иранга өзөктүк программмасын өнүктүрүүгө жол бербеш үчүн анын өзөктүк жайларына аскерий сокку урууга даярданууда деген кабарлар чыгып жаткан учурда өтүүдө.

Президент Обама кечээ Вашингтондо израилчил лоббисттик уюмдун жыйынынында сүйлөгөн учурунда согуш жөнүндө "бош сөздөр" ушунчалык көп айтылып жатканын белгиледи. Бирок Обама эгер дипломатиялык демилгелер менен экономикалык санкциялар Иранды өзөктүк ишмердигин токтотууга ынандыра албаса, ал аскер күчү колдонулуусун жокко чыгарбасын кошумчалады.

Батыш өлкөлөрү жана Израиль Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайт деп шек санашса, Тегеран программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн ырастап келет. (UE)

XS
SM
MD
LG