Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Орусиянын шайлоосун ЕККУ, ПАСЕ терс, КМШ, ШКУ оң баалашты


Путин бүгүн үч атаандашы: Михаил Прохоров, Владимир Жириновский, Сергей Миронов менен кездешти. Шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган Геннадий Зюганов жолугушууга келген жок.
Путин бүгүн үч атаандашы: Михаил Прохоров, Владимир Жириновский, Сергей Миронов менен кездешти. Шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган Геннадий Зюганов жолугушууга келген жок.
ЕККУ менен ПАСЕнин байкоочулары Орусиянын президенттик шайлоосу Владимир Путиндин пайдасына ачык эле багытталды деп эсептешет. Алар бул туралуу бүгүн Москвадагы басма сөз жыйында билдиришти.

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы - ПАСЕнин байкоочулар мисссиясынын башысы Тини Кокс буларды белгиледи:

- Өнөктүктүн шарттары ачык эле бир талапкердин пайдасы үчүн багытталды. Талапкерлерди каттоодогу чектөөлөр нукура атаандаштыкты азайтты. Маалымат каражаттарына талапкерлердин баары чыга алганы менен чагылдыруу жагынан жалгыз талапкерге, азыркы премьер-министрге артыкчылык берилди. Аймактык деңгээлде мамлекеттик ресурстар аны колдоого мобилизацияланды.

ЕККУ менен ПАСЕнин байкоочулары ошондой эле кечээги добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузулду деген учурларды иликтөөгө чакырышты.

Орусия Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуровдун билдиргенине караганда, бюллетендердин 99% саналгандан кийинки маалымат боюнча Владимир Путин 64% добуш алды. Шайлоого болсо добуш берүүгө укуктуулардын 65%ы келген. Экинчи орунду 17%дан ашуун добуш менен Компартиянын лидери Геннадий Зюганов ээледи.

Ал эми Орусиянын көз карандысыз “Голос” уюмунун айтымында, шайлоо бекеттериндеги көз карандысыз байкоочулардын эсептери Путин 50 пайыздан бир аз ашуун добуш алганын көргөзүүдө.

Бул аралыкта бүгүн КМШ менен ШКУнун байкоочулары шайлоону адилет, ачык-айкын жана демократиялык нормаларга ылайык деп мүнөздөштү.

Мурдараак Владимир Путин өзү ал “адилет күрөштө” жеңгендигин билдирген.

Бүгүн Москванын Пушкин аянтында орус оппозциясынын шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык акциясы өткөнү жатат. Бишкек убактысы боюнча саат 21де башталары белгиленген митингге шаардык бийлик тарабынан уруксат берилген. Бирок митинг күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында өтөрү күтүлүүдө.(UE)

XS
SM
MD
LG