Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Канада Сириядагы элчилигин жапты


Канада өкмөтү өз элчилигин жабуу себебин Сирия президенти Башар ал-Асаддын режимине каршы жаңы санкцияларды киргизгени менен түшүндүрдү. Жаңы санкцияга ылайык, Канада Сириянын борбордук банкы менен кызматташууну токтотот жана финансылык жардамды жеткирүүдөн баш тартат. Бул санкция президент Асаддын оппозицияга болгон репрессиясын токтотууга мажбурлаган иш-чаранын бир бөлүгү. Буга чейин АКШ, Улуу Британия, Франция, жана Швейцария Сирия менен дипломатиялык алака-катышты токтоткон. БУУнун маалыматы боюнча, өткөн жылдын мартында башталган элдик толкундоолордо өлгөндөр саны жети жарым миңден ашты.

XS
SM
MD
LG