Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Мырзакматов: Ийгилигибизди бурмалайм дегендер бар


4-марттагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча Ош мэри Мелис Мырзакматов билдирүү таркатып, “Улуттар биримдиги” партиясын колдоп добуш бергендерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул партия 45 депутаттык орундун 23үнө ээ болгонун айтып, бул ийгиликти бурмалоого аракеттенген күчтөр бар экенин белгилеген.

Бирок Ош шаардык аймактык комиссиясы кечээки маалымат жыйынында шайлоодо жеңип чыккан “Улуттар биримдиги” партиясы 21 орунга ээ болушу мүмкүндүгүн белгилеген. Мыйзамга ылайык, шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушун алган талапкар мэр болуп шайланат. (KKs)

XS
SM
MD
LG