Мындай маалыматты Боршайкомдун автоматташтырылган системасы көрсөтүүдө. Ага ылайык, азырынча шаарда жекшембидеги шайлоодо ачылган 24 добушкананын 21инен маалымат келип түштү. Калган үч добушкана шайлоонун жыйынтыгын бере элек. Анын себеби ачыкталбай жатат. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, караколдук шайлоочулардын 21 пайызга чукулунун добушу менен КСДП партиясы алдыда. Андан соң “Республика” партиясы менен “Союз” шайлоочулар тобу келе жатат.
Бирок Каракол шаардык кеңешке болгон шайлоонун жүрүшүнө нааразы уюмдар жыйынтык жокко чыгарылышын талап кылып жатат. Алар кечээ митингге чыгып, аймактык шайлоо комиссиясына төрт күндүк мөөнөт берген. (KKs)