Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Сузакта кутурган ит эки баланы тиштеп алды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Сузак районундагы Ак-Терек айылында кутурган ит 14 жаштардагы Жыргалбек Асан уулу менен Эркинбек Тыныбек уулун тиштеп алды. Кутурмага шектелген ит бодо малдарга да кол салып, көчөдөгү иттер менен талашкан. Натыйжада ит ээси тарабынан өлтүрүлүп, башы Жалал-Абад облустук ветеринардык диагностикалык борборуна жөнөтүлгөн. Эспертизанын негизинде кутурма оорусу бар экени аныкталды.

Натыйжада ит тиштеп алган жана аны менен байланышта болгон адамдар Жалал-Абад шаардык ооруканасына жөнөтүлүп, биринчи медициналык жардам алышты. Азыркы учурда үйлөрүндө, врачтардын көзөмөлүндө турушат. Мындан тышкары айылда кутурма оорусуна каршы малды эмдөө жүрүп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG