Эл аралык валюта кору 2012-жылы Кыргызстандын ички дүң жыйымы беш пайызга өсөт деп билдирүүдө. Мындай божомолун аталган кордун өкүлдөрү Бишкекте Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев менен жолугушуусунда билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, кыргыз тарап болсо быйыл дүң жыйымды 7 пайызга чейин өстүрүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Эл аралык валюта корунун Кристиан Беддис жетектеген делегациясы бул күндөрү Кыргызстанда жүрөт. (KKs)