Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Токмокто шайлоонун жыйынтыгына нааразылар митингге чыкты


Бүгүн Токмок шаардык мэриясынын алдына жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия жана коомдук уюмдардын мүчөлөрү митингге чыкты. “Замандаш-Современник” партиясынын басма сөз кызматынын өкүлү Константин Конкиндин “Азаттыкка” билдиришинче, жети уюмдун өкүлдөрү шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Чогулгандар митингди эртең да улантмакчы болуп таркап кетишти.

Нааразы тарап менен Токмок шаардык аймактык шайлоо комиссиянын өкүлдөрү сүйлөшүп, мыйзам бузуулар боюнча арыз-дооматтар териштирилерин билдиришти.

4-мартта Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо “Республика” партиясы алдыга чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG