Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:36

Тиленов: Акмат Бакиев чек арадан өткөн жок


Качып кеткени айтылып жаткан Акмат Бакиев чек арадан өткөн жок. Бул тууралуу Чек ара аскерлеринин кол башчысы Закир Тиленов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Бакиевдин качканы тууралуу Жаза аткаруу кызматынын маалыматы бардык чек ара бекеттерине жөнөтүлдү.

2010-жылкы башаламандыктар боюнча айыпталып, 7 жылга эркинен ажыраган Акмат Бакиев 3-мартта Бишкектеги жеке менчик ооруканадан качып кетти деп бүгүн кабарланды. Ал №35 жатак абагына которулгандан кийин ден-соолугу начарлап, убактылуу ооруканага жаткырылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG