Жекшембидеги шайлоонун расмий жыйынтыгына ылайык, учурда өкмөттү башкарган Владимир Путин добуштардын 64 пайызы менен үчүнчү жолу президент болуп шайланды.
Шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразы болгондор дүйшөмбү күнү Маскөө менен Санкт-Петербургда демонстрацияга чыгышкан. Маскөөдөгү демонстрациясынан кийин 500дөн ашык киши, анын ичинде таанымал оппозиция өкүлдөрү камакка алынды.
Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков бүгүн «тартип коргоочуларды» демонстрацияларда «кесипкөйлүктүн жогорку деңгээлин» көрсөттү деп мактады. Кармалгандардын көбү кийин бошотулду, бирок айрымдары бүгүн сот алдына келүүдө.
Оппозиция лидерлери Путиндин жетекчилигине каршы массалык чыгуулар улана бере тургандыгын айтышууда.