Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

АКШ: «супер-шейшемби» шайлоосу өтүүдө


Америкалык шайлоочулар бүгүн 10 штатта Республикачыл партиясынан президенттикке талапкерди аныктоого көмөктөш болот деп күтүлгөн партиянын өз ичиндеги шайлоодо добуш беришүүдө.

Бүгүнкү күн АКШдагы президенттикке талапкерди көрсөтүүдө ички шайлоо эң кызуу өткөн күн болуп калмакчы.

Сурамжылоого караганда, республикачыл төрт талапкерден үчөө Митт Ромни, Рик Санторум жана Нют Гингричтин ар бири аз дегенде бир штатта жеңип чыгат деп күтүлөт.

Көпчүлүктүн көңүлү Огайо штатына бурулууда, себеби республикачылардын бири да АКШнын түндүк-чыгышындагы бул маанилүү штатта жеңбестен, президент болуп шайланган эмес.

Демпартиядан учурдагы президент Обама Барак кайра талапкер болот деп күтүлгөн президенттик шайлоо ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG