Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:44

АКШ Иранга аскердик сокку уруу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт


Кошмо Штаттардын коргоо министри Леон Панетте эгерде Ирандын ядролук проблемасы дипломатиялык жол менен чечилбесе, Иранга сокку уруу мүмкүндүгүн билдирди:

- Албетте, биз маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө ниеттенебиз. Израилдин премьер-министри Нетаньху белгилегендей, аскердик сокку уруу - башка арга түгөнгөндөгү каражат. Муну чаташтырбайлы. Эгерде калган ыкмалар иштебесе - биз сокку урабыз.

Вашингтондо Израилди колдогон уюмдун жыйынында Панетта Кошмо Штаттар Израилге зарыл болгон аскердик көмөктү уланта берерин айтып, ал болсо Израилдин чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдөн аскердик артыкчылыгын күчөтөөрүн белгиледи.

Эл аралык коомчулук Тегеранды уранды байытуудан баш тартууга макулдата албаса – Ирандын өзөктүк өндүрүш жайларына сокку урууга Израил өтө кызыкдарлыгын билдирип келет.

Дүйшөмбүдө Вашингтондо Леон Панетта жана президент Барак Обама Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен кезикти. Президент Обама дагы Ирандын ядролук маселесин чечүүдө сокуу уруу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок.

XS
SM
MD
LG