Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:10

Токмокто шайлоо жыйынтыгына нааразылар митингге чыгат


Токмок шаардык мэриясынын алдында жекшембидеги шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партия жана коомдук уюмдардын мүчөлөрүнүн каршылык акциясы бүгүн да уланат.

“Замандаш-Современник” партиясынын басма сөз кызматынын өкүлү Константин Конкиндин “Азаттыкка” билдиришинче, 6-мартта жети уюмдун өкүлдөрү шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Нааразы тарап менен Токмок шаардык аймактык шайлоо комиссиянын өкүлдөрү сүйлөшүп, мыйзам бузуулар боюнча арыз-дооматтар териштирилерин билдиришти.

4-мартта Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо “Республика” партиясы алдыга чыккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG