Катардык “Хасат” ишканасы Кыргызстанда чыгарылган айыл-чарба продукцияларын сатып алууга даяр. Мындай ниетин компания өкүлдөрү премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган кыргыз делегациясы менен жолугушуусунда билдирди. Маалыматка ылайык, Катар мамлекети Кыргызстандан өзгөчө эт алууга кызыкдар. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүү учурунда катардык компания Кыргызстанга атайын комиссия жөнөтө турган болду.
“Хасат” ишканасынын бюджети 1 миллиард долларды түзөт. Кыргызстандын этин ирандык ишканалар да сатып алып келет. (KKs)
“Хасат” ишканасынын бюджети 1 миллиард долларды түзөт. Кыргызстандын этин ирандык ишканалар да сатып алып келет. (KKs)