Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Караколдо кайра шайлоо өткөрүү талап кылынууда


Караколдогу шайлоого катышып, жетиштүү добуш топтой албай калдык деген “Кыргызстан жаштар кеңеши” шаарда кайра шайлоо өткөрүү талабын коюуда. Бирикменин жетекчиси Улан Эсенкожоевдин “Азаттыкка” билдиришинче, алар Караколдогу шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун, паспорту жок добуш берүүлөр катталганын, шайлоочулардын тизмеси бурмаланганын билдирүүдө. Мындан улам жаштар уюму шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана шайлоочулардын тизмесин тактоо талабын коюп жатат. Бирок бул жүйөөлөрдү Каракол шаардык шайлоо комиссиясы четке кагып келет.

Жекшемби күнү Караколдо шайлоо бүткөндөн кийин мэриянын алдында башаламандык чыгып, эки милиция жана бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жаракат алган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Эртеси күнү шайлоого катышкан бир катар уюмдар нааразылык акциясына чыгып, талаптарынын аткарылышы үчүн төрт күн мөөнөт беришкен.

Караколдогу шаардык кеңешке депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча Социал-демократтар партиясы алдыда келе жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG