Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иш сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, Садыркуловдун иши боюнча 10 кишиге айып тагылды. Азырынча сот жараяны качан башталары белгисиз.
2009-жылы мартта Казакстанга барып, кайтып келаткан Медет Садыркуловдун, айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун күйгөн сөөктөрү Бишкек четиндеги Кой-Таш айылына жакын жол боюнан табылган. Кылмыштын бети ушул жылдын сентябрь айында ачылган. (KKs)