Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Митт Ромни “cупершейшембиде” жеңди


Шейшемби күнү АКШнын он штатында президентке талапкер республикачылар күч сынашты. “Супершейшемби” деп аталган бул күнкү добуш берүүлөрдө Митт Ромни алты штатта, анын негизги атаандашы Рик Санторум үч штатта жеңди. Өкүлдөр палатасынын мурдакы спикери Ньют Гингрич өз штаты - Жоржияда биринчи болду. Маанилүү Огайо штатында Ромни 38 процент добуш алса, Рик Санторум 37 процент добушка ээ болду. Консервативдүү саясатчы саналган Санториум шайлоочуларга кайрылып: "Биз күрөштү улантабыз. Себеби мен өлкөдөгү эң таасирлүү адам болууну аябай каалаганым жок. Себеби мен өлкөдөгү бийликти сиздерге кайтарып бергенди аябай каалайм. Ырахмат, Стьюбанвиль. Кудай өзү алкасын", - деди.

“Супершейшембиде” 1144 делегаттын 40 процентке жакынын колдоосун алган талапкер республикачылар атынан президент Обамага атаандаш болуп чыкмак.

XS
SM
MD
LG