Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Ооганстанда 47 киши кар көчкүдөн өлдү


Куткаруучулар Ооганстандын түндүгүндөгү Бадахшан провинциясында кар көчкү астында калган 47 кишинин сөөгүн табышты. Жергиликтүү бийликтер кар астынан тирүү адамдар табылат деген үмүттө. Ырасмий маалымат боюнча, кар алдында калган Дасти кыштагында 200дөй адам жашачу. Азырынча кыштакты 4-мартта кар баскандан мурда сырт жакка конокко кеткен үч аял жана бир бала аман калганы айтылууда. Тоолуу Бадахшан провинциясына быйыл кар калың түшүп, көптөгөн кыштактар тыш дүйнө менен катташа албай калган.

XS
SM
MD
LG