Улуттар Уюмунун гуманитардык миссиясынын башчысы Валери Амос Сирияга келди. Амостун визитинин максаты аскердин күчү менен бийлик орнотулуп жаткан жерлерге гуманитардык жардам жеткизгенге ырасмий Дамаскинин макулдугун алуу. БУУнун өкүлүнүн билдиришинче, Валери Амос шаршемби күнү Сириянын тышкы иштер министри менен кездешти жана көтөрүлүштүн очогу Хомс шаарына барууну мерчемдеп жатат. Хомс бир айдан ашык убакыттан бери аскерлердин камоосунда. Былтыр жазда президент Башар Асаддын режимине каршы козголуш башталгандан берки кагылыштарда БУУнун эсебинче, жети жарым миңден ашуун адам курман болду.