Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Иракта бомба чабуулунда 12 киши мертинди


Ирактын түндүгүндө эки автомобилге коюлган бомбадан жана жанкечтинин чабуулунан кеминде 12 киши курман болду, 25тен ашык адам жараат алды. Бийликтердин кабарлашынча, биринчи автомобиль Сирияга чектеш Тал Афар шаарындагы популярдуу ресторандын жанында түштө жарылган. Жардыруудан соң адамдар ресторандан көчөгө качып чыгып жатканда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Тал Афар шаарында сунни, шии жана христиан арабдар, ошондой эле күрттөр менен түркмөндөр жашайт.

XS
SM
MD
LG