Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Мыйзамдарды көзөмөлдөө чаралары иштелип чыкты


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү чаралары иштелип чыкты. Парламенттин көзөмөл иш-милдетин күчөтүп, мыйзамдардын аткарылышын ыкчамдатуу максатында мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Мыйзам демилгечиси Курмантай Абдиевдин билдиришинче, азыркы мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш өз токтомунун аткарылышын 1 жылдан кийин текшерип келсе, жаңы түзөтүүлөр боюнча 6 айдан кийин эле текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле мурда Жогорку Кеңеш токтомунун аткарылышын текшерээрден 1 ай мурда атайын кабар жиберсе, анын мөөнөтү 10 күнгө чейин кыскарууда. Бул жаңы өзгөрүү парламент кабыл алган мыйзам, токтомдорунун тез арада ишке ашырылышын шарттамакчы. Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG