Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

ФИФАнын рейтинги боюнча Кыргызстан 192-орунда


Эл аралык футбол федерациясынын соңку рейтинги боюнча, Кыргызстандын футбол боюнча курамасы 205 өлкөнүн ичинен 192 орунду ээледи. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы билдирүүдө. Кыргызстан акыркы төрт жылдын жыйынтыгы менен 39 упай топтогон.

Курама командасы эң мыкты болгон өлкөлөрдүн алгачкы сабында Испания, Нидерландия, Германия, Уругвай, Бразилия турат. Кыргызстандын коңшулары Өзбекстан 67, Казакстан 142, Тажикстан 145-орунду ээледи. Орусия болсо 12-катарда турат. Рейтингди соңунда Сан-Марино өңдүү майда өлкөлөр келе жатат.

Эл аралык футбол федерациясынын рейтинги өлкөнүн футбол боюнча курама тобунун жеңиштерин, ийгиликтерин жана алардын шарттарын эске алат. (KKs)

XS
SM
MD
LG