Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Ошто депутаттык мандаттар бөлүштүрүлө элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Саадат Маматалиева билдирди. Анын айтымында, 4-мартта шаардык кеңешке өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгы он күндүн ичинде белгилүү болгону жатат. Андан соң БШК атайын токтом кабыл алып, кайсы партия канча депутаттык орунга ээ болоорун аныктамакчы.

Оштогу партиялар 45 депутаттык орун үчүн ат салышкан. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча Ош мэри Мелис Мырзакматовго таандык экени айтылган “Улуттар биримдиги” партиясы 21 орунга, Кыргызстандын социал-демократтар партиясы 11, "Республика" 8, “Адилеттүү Кыргызстан” 2, “Ата Мекен” 1 орунга ээ болоору айтылган. Дагы эки орундун тагдыры шайлоо жыйынтыгы толук белгилүү болгондо чечилери кабарланган. Шайлоодон кийин Мелис Мырзакматов анын партиясы 23 орунга ээ болоорун айтып, шайлоодо жетишкен ийгиликти бурмалоо аракети бар экенин белгилеген.

БШК мүчөсү Рашид Бекбасаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, шаардык кеңештерде орундар бөлүштүрүлүп, депутаттар ишке киришкенден кийин шаар башчысын шайлоо мөөнөтү аныкталмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG