Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Андаш кени боюнча кайрадан экспертиза жүргүзүлөт


Өткөн жылы Жогорку Кеңеш ишин токтотуп койгон Таластагы Андаш кени боюнча өкмөт кайрадан экспертиза жүргүзө турган болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрага орун басары Акуналы Досалиев билдирди. Анын айтымында, кенди иштетүүгө лицензия алган австралиялык “Кентор Голд” компаниясы экологияга байланыштуу бардык маселелерди чечүүгө убада берүүдө. Мындан улам бул кендин аймакка тийгизген таасирин кайрадан иликтеп чыгуу зарылчылыгы пайда болууда. Натыйжада парламент комитети бул ишти өкмөткө тапшырып, бир айлык мөөнөт берди.

Буга чейин “Кентор Голд” компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, “Андаш” кенинин 20 пайыз үлүшүн мамлекетке берүүгө даярдыгын билдиришкен.

Таластагы “Андаш” кени жергиликтүү тургундар менен компаниянын тил табыша албай жатканынан улам иштебей турат. Тургундар кенди иштетүү аймактын экологиясына зыян алып келет дешет. Былтыр Жогорку Кеңеш тургундардын дооматын жүйөөлүү деп таап кенди жапкан болчу. Кенде кеминде 20 тонна алтын, 70 миң тоннадай жез катылып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG