Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Сирия оппозициясы Мунай министри кызматтан кетишин жылуу кабыл алды


Министр Абдо Хуссамеддин өзүнүн кызматтан кетээрин YouTube сайтында жарыяланган видеодо билдирди, 7-март, 2012
Министр Абдо Хуссамеддин өзүнүн кызматтан кетээрин YouTube сайтында жарыяланган видеодо билдирди, 7-март, 2012
Бүгүн Сириянын мунай өндүрүш министри Абдо Хуссамеддин президент Башар ал-Асаддын режимин кылмыштар үчүн айыптап, өзү оппозиция тарапка өтөөрүн жарыялаган. Оппозициянын лидерлеринин бири Бурхан Галуин өлкөнүн башка жетекчилерин да ушундай кадамга барууга чакырды.

Кечээ Брииккен улуттар уюмунун гуманитардык маселелер боюнча мекемесинин башчысы Валери Амос Хомс шаарына барганын, ал жактагы абал боюнча өтө тынчсызданып жатканын билдирди. Анын айтымында, шаардын айрым райондору толугу менен кыйрап калган.

Эртең Дамаскка Улуттар уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Кофи Аннан келиши күтүлүп жатат. Ал өлкө жетекчилигин уюмдун Башкы Ассамблеясынын резолюциясындагы талаптарды аткарууга чакыраары айтылды. Ага ылайык, Сирияда зордук-зобун тезинен токтотулуп, калктуу аймактардан аскерлер чыгарылышы, эл аралык байкоочулар менен журналисттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилиши керек.

XS
SM
MD
LG