Бул тууралуу бүгүн Венада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭнин) жыйынынан кийин айтылды. “Алдыда боло турган сүйлөшүү эч кандай алдын ала шарты жок, конкреттүү натыйжа бергидей олуттуу маанайда өтүшү зарыл”, - деп айтылды билдирүүдө.
АКШ, Кытай, Орусия, Франция, Британия жана Германия, мындан сырткары, Ирандын бийликтерин "өзөктүк курал жасалып жаткан болушу мүмкүн" деп шектелген жайларга инспекторлорду киргизүүгө үндөштү. Быйыл жыл башында Иран МАГАТЭнин инспекторлорун Парчинге киргизбей коюшкан.
Кайрадан жанданчу сүйлөшүүлөр кайсыл жерде качан өтөөрү али белгисиз. Акыркы жолу былтыр январда Стамбулда болгон сүйлөшүүлөр натыйжасыз токтоп калган.