Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Ташкенде мусулман жоолугун сатууга тыюу салынды


Өзбекстандын баш калаасындагы Чорсу, Күйлүк, Ипподром, Өрүкзар базарларында хижаб үлгүсүндөгү жоолук, чапандарды сатууга тыюу салынды.

«Бул базарларда азыр ачык соодада мусулман аялдардын жоолугун таба албайсыз" деп билдирет "Азаттыктын" өзбек кызматы.

Өзбекстандын административдик кодексинде коомдук жайда диний кийим кийип жүргөндөргө минималдык айлыктан беш эсе көп суммада айып же 15 күнгө административдик камакка алуу каралган. Бул тыюунун диний уюмдардын расмий кызматкерлерине тийешеси жок.

Өзбекстанда жыл соңунда аялдардын ич кийимин сатууга тыюу салынган эле.

jch

XS
SM
MD
LG