Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Гүлнара Каримова соопчулукка 2 миң той өткөрөт


Өзбекстанда президент Ислам Каримовдун тун кызы бир миң тойдо өзүнүн Гули фирмасынын көйнөктөрүн турмушка чыккан кыздарга белекке бермекчи.

Uznews.net сайтынын жазышынча, Гүлнара Каримова жетектеген Форум кору быйыл турмушу начар бүлөлөргө бир миң үйлөнүү салтанатын жана бир миң сүнөт тоюн өткөрүүгө кол кабыш көрсөтөт.

Тойлордун алды ушул айдын этегинде алгач Навои областында, кийин Кашкадайрада өтөт. Талапкерлердин тизмесин корго жергиликтүү бийлик органдары түзүп берет.

40 жаштагы Гүлнара Каримова Өзбекстандын Испаниядагы элчиси, өз өлкөсүндө мода, мобилдик байланыш жана башка тармактарды көзөмөлдөгөн Борбор Азиядагы эң таасирлүү айалдардын бири деп саналат. jch

XS
SM
MD
LG