Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Азербайжанда “Азаттыктын” кабарчысына коркуткан “эскертүү каты” түштү


“Азаттыктын” азери кызматынын кабарчысы, коррупция боюнча иликтөө макалалары үчүн бир топ сыйлыктардын ээси Кадыча Исмаилова белгисиз бирөөдөн кат алганын, анда жылаңач сүрөттөр катылып, эгерде журналист “жөн жүрбөсө шерменде кылынаары” тууралуу коркутуу бар экенин айтты. Исмаилова буга чейин иликтөө макалаларынын ичинде Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана анын үй-бүлөсүнүн финансылык аракеттери жөнүндө да жазган болчу. Аны өлкөдөгү мамлекеттик маалымат каражаттары көп жолу айыптап, полиция тараптан кодулоолор да болгон. “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын президенти Стив Корн өзүнүн билдирүүсүндө “Азаттык” үналгысы Исмаилованы коргой тургандыгын баса белгилеп, адамга түрдүү коркутуп үркүтүүлөр менен кат жиберүү жарандык коом үчүн жат нерсе экенин айтты.

XS
SM
MD
LG