Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Токмокто бүгүн добуштар кайра саналат


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 4-мартта Токмок шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгондор өткөн жумада каршылык акциясына чыгып, добуштардын кайра саноону талап кылышкан.

Токмокто шайлоодо 27,85 пайыз добуш менен “Республика” партиясы алдыга чыккан. Андан кийин “Биримдик” деп аталган шайлоочулар тобу - 15, “Биздин шаар үчүн” - 12,07, Социал-демократтар - 8,83, “Ак шумкар” - 6,22 пайыз добуш алган. "Ар намыска" 3,66 пайыз шайлоочу добуш берген.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 61,50 пайызы катышкан.

Токмокто добуш берүүгө жарамдуу 22 миңден ашуун адам жашайт. Шаардык кеңештеги 31 орун үчүн 796 адам ат салышты. Бул талапкерлерди алты партия жана 10 шайлоочулар тобу көрсөткөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG