Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

АКШ мамдепартаменти “Каарман аял” сыйлыгынын ээлерине тапшырды


АКШ Мамлекеттик департаменти катаал шартта социалдык жана жарандык укук үчүн күрөшкөн дүйнө аялдарына ыйгарылчу “Каарман аял” сыйлыгынын 10 лауреатын жарыялады. Сыйлык ээлеринин арасында Ооганстандын Кандагар провинциялык кеңешинин мүчөсү, жеке радиостанциянын негиздөөчүсү, аялдар проблемасын такай чагылдырган Мариам Дюрани жана Пакистандык укук коргоочу Шад Бегам да бар.

- Биз бул жерде сыйлык ыйгарып жатып, эртең алардын күжүрмөн эмгеги уланаарын билебиз. Ар бир кыз, аял кайсы бир күнү өз эмгегинин үзүрүн көрүшү керек, - деди салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземинин ээси, мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон. Вашингондогу сыйлык тапшыруу аземи жыл сайын Аялдардын Эл аралык майрамы – 8-март күнү өтөт. Бул жылы дагы сыйлык тапшыруу аземине АКШнын биринчи айымы Мишель Обама катышты. Өткөн жылы “Каарман аял” сыйлыгын Кыргызстандын ошол кездеги президенти Роза Отунбаева алган.

XS
SM
MD
LG