Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Москванын Пушкин аянтында 20 киши кармалды


Кармалгандардын бири Алексей Киселев "Эхо Москвы" үналгысына билдиргендей, аларды полиция улутчулдар жүрүшүн уюштуруучулар деген шек менен кармаган. Москва полициясынын басма сөз кызматы болсо кармалгандар уруксатсыз акцияга чыгышканын билдирди. Бир аз мурун Москванын Кызыл аянтында оппозициячыл "Тилектештик" кыймылынын 7 мүчөсүн полиция кармап, кайра бошоткон. Алар жөн гана кийимдерине ак тасмаларды байлап алышкан, эч кандай чакырыктарды жасашкан эмес. Полиция болсо аларды кармаган себебин мыйзамсыз үгүт иштерин жасадыңар деп айыптаган. Бүгүн Петербургда 5-март күнү кармалган оппозиционерлер да бошотулду.

XS
SM
MD
LG