Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Кыргызстандын түштүк облустарында карамай жетишсиз


Кыргызстандын түштүк облустарындагы алыскы райондорго күйүүчү май жетпей жатканын “Азаттыкка” Нефтрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, алыскы райондорго май ташыган компаниялардын мүмкүнчүлүгү чектелип жатат.

- Бажы кызматы кодекске толуктоо киргизип, мурунку түзүлгөн келишимдерди бузгула, кайрадан заводдор менен келишим түзгүлө деп жатат. Натыйжада 12,5 миң тонна күйүүчү майды пайдаланганга мүмкүнчүлүк берилбей жатат, - деди Акенеев.

Ортомчулар менен иштеген майда нефтрейдерлер жаңы мыйзамдын талаптарын аткара албагандыктан, аларга күйүүчү майды ташууга мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Ал эми, кыргыз-орус биргелешип түзүлгөн “Газпром нефть Азия” ишканасы күйүүчү майды түздөн-түз заводдон алганы үчүн, ага тоскоолдук жаралган жок. Бирок майда компаниялар болбосо, “Газпром нефть Азия” ишканасы Кыргызстандагы алыскы райондоруна чейин май жеткире албай калып жатат. Мындан улам тартыштык пайда болууда.

Бажы кызматы болсо, мындай толуктоолор кодекске киргизилгенин, алар мыйзамды аткарып жатканын билдирип келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG